Өзбекстанда айдоочулар үчүн айып балл системасы киргизилет

Борбор Азия Загрузка... 30 Май 2025 13:20
photo_30.jpg
copyright icon www

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 30.05.25. /Кабар/. 2025-жылдын 1-июнунан тартып Өзбекстанда жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочуларга айып баллдарын чогултуу системасы ишке кирет. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы тартипке ылайык, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 12 беренесине ылайык каралган эреже бузуулар үчүн айдоочуларга 0,2ден 2ге чейин айып балл берилет. Эгерде айдоочу 12 айдын ичинде 12 же андан көп балл топтосо, анын айдоочулук күбөлүгү соттун чечими менен жок дегенде алты айга жараксыз деп табылат.

Мында айдоочулар үчүн шыктандыруучу шарттар да каралган: эгер айдоочу биринчи айып балл алган күндөн тартып бир жыл ичинде эреже бузбаса, ал балл автоматтык түрдө жокко чыгарылат. Ошондой эле, эгер алты ай бою эч кандай эреже бузуу катталбаса, жалпы эсептен 2 балл алынып салынат.

"Бул система жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, айдоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу багытындагы мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болуп эсептелет",- деп айтылат маалыматта.