Өзбекстанда абактагы китеп окугандардын жаза мөөнөтү кыскарат

Борбор Азия Загрузка... 05 Сентябрь 2025 09:45
WhatsApp Image 2025-09-05 at 09.14.54.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 05.09.25. /Кабар/. Өзбекстандын Сенатынын кечээки онунчу жыйынында абактагылар менен тарбия иштерин күчөтүүгө багытталган мыйзам кабыл алынды. Бул тууралуу жогорку палатанын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын негизги максаты — абактагылардын үй-бүлө жана коом менен байланышын бекемдөө, ошондой эле китеп окуу аркылуу руханий-адептик баалуулуктарды калыптандыруу.

Жаңы тартипке ылайык, атайын бекитилген тизмедеги китепти окуп чыгып, комиссияга тастыктаткан ар бир абактагы адамдын жаза мөөнөтү үч күнгө кыскартылат. Бирок жалпы жеңилдик жылына 30 күндөн ашпайт.

Мыйзам шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн болгон абактагыларга гана тиешелүү болуп, өмүр бою эркинен ажыратылгандарга колдонулбайт. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул өзгөртүү 13,5 миңден ашуун абактагыларга тиешелүү болот.

Эске салсак, мыйзам долбоору быйыл февралда Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан иштелип чыккан. Жаңы мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.