Өзбекстанда 9 айдын ичинде 1300дөн ашуун адам жол кырсыгынан каза болду

Борбор Азия Загрузка... 03 Ноябрь 2025 14:44
M_03__0.webp
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 03.11.25. /Кабар/. Өзбекстанда быйылкы жылдын январь–сентябрь айларында 5895 жол-транспорт кырсыгы катталып, алардын кесепетинен 1303 адам каза болуп, 4592 киши жаракат алды. Бул тууралуу Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча комитеттин төрагасы Кутбиддин Бурханов Сенаттын жыйынында билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктардын 2689у жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кырсыктардын саны 232ге же 3,8 пайызга кыскарган.

Бурхановдун айтымында, мындай жыйынтык айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежелерин сактоо маданияты жогорулаганы, айдоочуларды окутуу жана кайра даярдоо системасынын өркүндөтүлгөнү, ошондой эле жол кыймылын санариптештирүүгө багытталган укуктук база түзүлгөнү менен байланыштуу.

Эске салсак, 2024-жылы өлкөдө 9364 жол кырсыгы катталып, анын натыйжасында 9000ге жакын адам жаракат алып, 2203 адам каза болгон.