Өзбекстанда 2 тоннадан ашык баңгизат жок кылынды

Борбор Азия Загрузка... 27 Июнь 2025 14:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 27.06.25. /Кабар/. Күн мурун Ташкент шаарында 26-июнь — Баңгизаттарды кыянат пайдаланууга жана алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата акция өттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Иш-чарага эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, анын ичинде БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (UNODC) аймактык кеңсеси жана Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы баңгизаттардын жайылышын алдын алуу боюнча CADAP-7 программасынын өкүлдөрү катышты.

Өзбекстандын коопсуздук кызматынан билдиришкендей, борбор калаадагы ишканалардын бириндеги домналык меште укук коргоо органдары жүргүзгөн операциялардын алкагында алынган 2,135 тонна баңгизат жана психотроптук заттар жок кылынды.

Иш-чара учурунда өлкөнүн аймагы аркылуу Афганистандан Россияга жана Европага багытталган баңгизаттардын транзиттик "түндүк жолу" өтүп жатканы, ошондой эле соңку мезгилде афган каннабиноиддери — гашиш менен марихуананын мыйзамсыз ташылып келүү көлөмү көбөйүп жатканы өзгөчө кооптонууну жаратып жатканына көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Казакстан аркылуу Өзбекстанга күчтүү таасир этүүчү "прегабалин" препаратынын мыйзамсыз ташылып жатканы жана өлкө ичинде жашыруун цехтерде андан дары каражаттары жасалып жатканы белгиленди.

2024-2025-жылдар аралыгында Өзбекстан Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын тиешелүү органдары менен биргеликте 32 эл аралык операция жүргүзүп, анын жүрүшүндө 43 адам кармалып, 639 килограммдан ашуун баңгизат алынганы маалым болду.

Эске салсак, Өзбекстанда мындай акциялар 1994-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ошондон бери жалпысынан 70 тоннага жакын баңгизат жок кылынган.