Ташкент, 09.10.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 4-октябрда мамлекеттик органдардагы башкаруу кызматтарын оптималдаштыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Lex.uz сайты маалымдады.
Жарлыкка ылайык, 1-ноябрдан тарта аткаруу бийлигинин органдарында 2141 жетекчилик кызмат жоюлат. Эң көп кыскартуулар Салык комитетинде (498 кызмат), Суу чарба министрлигинде (224), Айыл чарба министрлигинде (218), Адилет министрлигинде (197), Экология министрлигинде (176) жана Эмгек жана жакырчылыкты кыскартуу министрлигинде (163) болот.
Мындан тышкары, бир катар комитеттерде, агенттиктерде жана инспекциялардагы жетекчи орун басарларынын 16 кызматы кыскартылат.
Кыскартуудан кийин мамлекеттик органдардагы башкаруу кызматкерлеринин жалпы саны 46 989 адамды түзөт.
Кызматтан бошотулган кызматкерлерди ишке орноштурууну Эмгек жана жакырчылыкты кыскартуу министрлиги Профсоюздар федерациясы менен биргеликте камсыз кылат.