Өзбекстанда 1-январдан тарта 15 мүнөттө бизнес ачууга болот

Борбор Азия Загрузка... 19 Ноябрь 2025 12:25
Depositphotos_12393754_m-2015-2.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 18.11.25. /Кабар/. Өзбекстанда 2026-жылдын 1-январынан тарта «15 мүнөттө бизнес баштоо» аттуу жаңы механизм иштей баштайт. Президент Шавкат Мирзиёев тиешелүү жарлыкка 14-ноябрда кол койгонун Lex.uz улуттук укуктук порталы билдирет.

Демилгенин негизги максаты — ишкерлер үчүн тартипти жөнөкөйлөтүп, жаңы бизнес ачуудагы бюрократиялык тоскоолдуктарды кескин кыскартуу.

Жаңы тартипке ылайык, ишкерлер жети негизги кызматты бирдиктүү процедуранын алкагында ала алышат. Алардын катарында электрондук санарип кол тамга алуу, банк эсебин ачууга арыз берүү, белгилүү ишмердүүлүктөр үчүн лицензия же уруксатка өтүнмө жөнөтүү, мүлк ижарасы боюнча келишим түзүү жана кошумча нарк салыгынын (КНС) төлөөчүсүнүн күбөлүгүн алуу сыяктуу кызматтар бар.

Бардык төлөмдөр бирдиктүү QR-код аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле жеке ишкерлерге 2026-жылдан тарта фирмалык ат колдонууга укук берилет.

Жарлык уставдык документтерге өзгөртүү киргизүүнү да жеңилдетет. Ишкананын аталышы же юридикалык дареги өзгөргөн учурда тиешелүү лицензиялар жана уруксат документтериндеги маалыматтар автоматтык түрдө, акысыз жаңыртылат. Бул бизнеске убакытты үнөмдөөгө жана бюрократиялык түйшүктү азайтууга шарт түзөт.