Өзбекстан–Афганистан чек арасындагы кыймыл кайра ачылды

Борбор Азия Загрузка... 03 Декабрь 2025 11:01
o_03_ (1).jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 03.12.25. /Кабар/. Өзбекстан менен Афганистандын мамлекеттик чек арасында Термиз—Хайратон көпүрөсү аркылуу жарандардын өтүүсү кайрадан ачылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Эми жүргүнчүлөр эки өлкө ортосунда түз жана коопсуз өтө алышат. Ошол эле учурда виза талабы мурдагыдай сакталат.

"Өткөрмө пунктунун ишинин жанданышы эки тараптуу соода жүгүртүүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт. Акыркы жылдары Өзбекстандын Афганистанга экспорту туруктуу көбөйүп келген, жаңы маршруттун ачылышы менен 2026-жылга чейин бул көрсөткүчтү 2,5 млрд долларга жеткирүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

2021-жылы киргизилген чектөөлөр ишкерлердин Афганистанга барышын кыйындап койгон. Айритомдон 75 чакырым аралыктагы Мазари-Шарифке жетүү үчүн ишкерлер Тажикстан аймагы аркылуу бир күндүк айланып өтүүгө мажбур болушкан.

Адистердин баамында, чектөөлөрдүн алынганы логистиканы бир топ жеңилдетип, экспорт жана ишкердик байланыштары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.