Ташкент, 19.06.25. /Кабар/. Өзбекстандын Сенатынын Эл аралык мамилелер, тышкы экономикалык байланыштар, чет элдик инвестициялар жана туризм маселелери боюнча комитетинин жыйынында "Өзбекстандын өзөктүк зыян үчүн жарандык жоопкерчилик тууралуу Вена конвенциясына (1963-жылдын 21-майы) кошулушу жөнүндө" мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу Өзбекстандын Сенатынын маалымат кызматы кабарлады.
Аталган документтин башкы максаты — өзөктүк объекттеги кырсыктын айынан келтирилген зыян үчүн оператордун жарандык жоопкерчилигин белгилөө жана ошондой эле андай зыяндан каржылык жактан коргоонун эң аз талаптарын аныктоо.
Сенаторлор Өзбекстандын бул Конвенцияга кошулушу Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен кызматташтыкты кеңейтерин жана агенттик программаларынын алкагында келечеги жаркын долбоорлорду ишке ашырууну ылдамдатарын белгилешти.