Ташкент, 29.09.25. /Кабар/ Өзбекстанда жыл сайын 20 миллион турист тартуу милдети коюлду. Бул тууралуу өлкөнүн туризмди 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын талкуулоо маалында Reformatics компаниясынын жетекчиси Ника Гилаури менен өткөн жолугушууда белгиленди.
Стратегиялык реформалар агенттигинин маалыматына караганда, талкууда мейманкана бизнеси, туроператорлордун ишмердүүлүгү, транспорттук инфраструктура, визалык тартип, аймактардын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана кызмат көрсөтүү сапаты боюнча маселелер каралды.
Консультанттар маданий-тарыхый, гастрономиялык, люкс, көңүл ачуу жана инновациялык туризмди артыкчылыктуу багыттар катары аташты. Бул тармактарды өнүктүрүү үчүн жаңы туристтик продуктуларды түзүү, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, инвестиция тартуу жана эл аралык маркетингди күчөтүү зарыл экени белгиленди.
Ошондой эле туристтик агымдарды туура бөлүштүрүү, чыгыш туризми активдүү болгон өлкөлөр менен кызматташууну кеңейтүү, эл аралык каттамдарды көбөйтүү жана аймактар аралык түз авиакаттамдарды өнүктүрүү маанилүү экени баса белгиленди.
Жыйынтыгында Reformatics адистеринин бардык аймактарда туристтик мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп, так сунуштарды даярдоосу келишилди. Мындан тышкары, туризмди өнүктүрүү стратегиясын бекитүү боюнча президенттик жарлык долбоорун иштеп чыгып, аны быйыл ноябрда мамлекет башчысына сунуштоо үчүн жумушчу топ түзүлмөй болду.
Эске салсак, өткөн жылы Өзбекстанга 10 миллиондон ашуун чет элдик турист келген. Алардын ичинен 2 миллиондон ашыгы Кыргызстандан барган.