Ташкент, 21.11.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кечээ Өзбекстанда туризм тармагын ыкчам өнүктүрүү жана Туризм комитетинин ишин уюштуруу боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Документте 2030-жылга чейинки туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттары көрсөтүлүп, анда туризмдин ИДПдагы үлүшүн 3,5%дан 7%га жеткирүү, чет өлкөдөн келе турган туристтердин санын 10 миллиондон 20 миллионго көбөйтүү, төлөө жөндөмдүүлүгү жогору туристтердин агымын арттыруу, туристтик кызматтардын экспортун 6 млрд доллардан ашыруу, туристтик шаарлар ортосундагы транспорттук байланышты жакшыртып, ички авиакаттамдарды көбөйтүү жана жол жүрүү убактысын үч эсеге кыскартуу, ошондой эле 4 жана 5 жылдыздуу мейманканалардын санын эки эсе жогорулатуу жана Өзбекстандын дүйнөгө таанымал туристтик брендин түзүү милдеттери коюлган.
Ошондой эле 2040-жылга чейин туризмди өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыгары белгиленди. 2026–2028-жылдары «Самарканд мурасы жолу» аттуу 6,6 чакырымдык туристтик маршрут ишке киргизилет. Ал эми Хивадагы «Ичан-Кала» комплекси дүйнөдөгү алгачкы иммерсивдүү жана «акылдуу» шаар-музейге айлантылат.
Мындан тышкары, Ташкентте модернизм мезгилинин архитектуралык эстеликтерин ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү боюнча материалдар даярдалат.
Президент Мирзиёев дүйнөлүк деңгээлдеги кийим бренддерин ири соода борборлоруна тартуу жана шаарлардын четинде улуттук архитектуралык стилдеги заманбап аутлет-борборлорду куруу тапшырмасын да берди. Биринчи этапта мындай борборлор Ташкентте, Самарканда, Бухарада жана Хивада ачылат. 2030-жылдан кийин туристтик потенциалы жогору башка шаарларда да уюштурулат.