Өзбекстан жети айда гилас экспортунан 51 млн доллар киреше тапты

Борбор Азия Загрузка... 21 Август 2025 11:11
WhatsApp Image 2025-08-21 at 08.50.00.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. Өзбекстан жети айда гилас экспортунан 51 млн доллар киреше тапты. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги өлкөнүн жергиликтүү басылмаларына шилтеме келтирип жазды.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын Улуттук статистика комитети 2025-жылдын январь-июль айларында өлкө 17 мамлекетке 51 млн долларга 25,2 миң тонна гилас экспорттогонун билдирген.

Белгиленгендей, бул мезгилде Россия өзбек гиласынын негизги рыногуна айланып, 18,2 миң тонна жемиш сатып алган. Андан кийинки орундарды Казакстан (3,6 миң тонна) менен Кыргызстан (2,7 миң тонна) ээлеген.

Эске салсак, 2025-жылдын алты айында Өзбекстандын азык-түлүк экспорту 44%га өскөн.