Өзбекстан Кытай менен биргеликте жаңы космостук долбоор иштеп чыгат

Борбор Азия Загрузка... 03 Декабрь 2025 10:44
o_03.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 03.12.25. /Кабар/. Өзбекстан Кытай менен биргеликте “Samarqand-2028” деп аталган жерди алыстан байкоо жасай турган спутникти иштеп чыгууга жана орбитага чыгаруу программасына кошулду. Бул ири эл аралык долбоор тууралуу “Узбеккосмос” агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, "Узбеккосмос" агенттиги жана Кытайдын STAR.VISION компаниясы кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюп, спутникти биргелешип өнүктүрүү боюнча келишимге жетишти. Спутниктин "Samarqand-2028" деп аталышы 2028-жылы Самарканд шаарында өтө турган Эл аралык астронавтика конгрессине байланыштуу.

Меморандумдун алкагында өзбек адистери спутникке орнотулуучу жасалма интеллект модулун иштеп чыгышат. Гиперспектралдык сүрөттөө технологиясы атмосферанын абалын ыкчам баалоого, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн абалын мониторинг кылууга, токой массивдериндеги өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөөгө жана экономиканын бир катар тармактары үчүн так аналитикалык маалымат берүүгө мүмкүндүк түзөт.

Серепчилердин айтымында, "Samarqand-2028" долбоору Өзбекстандын космостук технологиялар багытындагы потенциалын кеңейтип, дүйнөнүн алдыңкы өнөктөштөрү менен кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат.