Өзбекстан “жашыл өнүгүү” долбоорлору үчүн Франциядан 230 млн евро алат

Борбор Азия Загрузка... 06 Ноябрь 2025 12:00
P_06_1.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 06.11.25. /Кабар/. Өзбекстан менен Франциянын Өнүгүү боюнча агенттиги (AFD – Agence Française de Développement) ортосунда "Жашыл экономика" программасынын алкагында 230 миллион евролук келишимге кол коюлду. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Программа 2021-жылы башталган. Анын максаты — Өзбекстанды экологиялык жактан таза жана туруктуу өнүгүү жолуна өткөрүү. Бул багытта “жашыл” энергияны өнүктүрүү, өндүрүштү экологиялык талаптарга ылайыкташтыруу жана элдин жашоо шартын жакшыртуу каралган.

2026-жылга чейин бюджеттин 10 пайызы климатка пайдалуу долбоорлорго жумшалат. Мамлекеттик сатып алууларды 15 пайызы “жашыл” форматта өткөрүлөт. Айрым мамлекеттик ишканалар ачык иш жүргүзүп, ESG-отчетторун жарыялай баштайт. Ал эми социалдык жактан колдоого муктаж жарандар үчүн тарифтерди аныктоодо адилеттүүлүк сактала турганы белгиленет.

AFD бул программаны Өзбекстан менен Франциянын туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтыгынын мисалы катары баалады.