Ташкент, 05.06.25. /Кабар/. Өзбекстан 2025-жылга карата жашоо кымбатчылыгы боюнча дүйнөдөгү 139 мамлекеттин арасында 127-орунга жайгашты. Бул тууралуу Numbeo платформасынын жаңы маалыматтарында көрсөтүлгөн.
Рейтинг дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү азык-түлүк, турак жай, транспорт жана коммуналдык кызматтардын баасына негизделип түзүлгөн. Нью-Йорк шаары 100 бирдиктик негизги көрсөткүч катары алынган.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, жашоо эң кымбат болгон өлкөлөрдүн сап башында Американын Виргин аралдары (98,4), Швейцария (83,4), Исландия жана Багам аралдары (81,4) турат.
Өзбекстан 24,2 индекси менен 127-орунду ээледи. Бул көрсөткүч менен ал коңшу Казакстан (114-орун, 26,6) жана Кыргызстандан (121-орун, 25,4) артта калды. Ал эми Тажикстан менен Түркмөнстан рейтингге кирген эмес.
Египет (17,8), Ливан (18,6) жана Пакистан (19,0) тизменин эң акыркы саптарынан орун алды.