Ташкент, 27.10.25. /Кабар/. Өзбекстан менен Бириккен улуттар уюму 2026–2030-жылдарды камтыган жаңы кызматташтыктын Рамкалык программасына кол койду, деп маалымдайт «Дунё» агенттиги.
Анын негизги максаты туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү, теңсиздикти азайтуу жана ар бир жаран үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу болуп саналат.
Документте БУУнун 25 агенттиги жана фонду Өзбекстандын улуттук өнүгүү максаттарын ишке ашырууга боюнча беш жылдык ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды.
Программа жигердүү башкаруу жана мыйзамдын үстөмдүгү, жумуш менен камсыздоо жана социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, экологиялык туруктуулук жана Арал бою аймагын өнүктүрүү сыяктуу алты негизги тармакты камтыйт.