Өзбекстан ядролук зыян үчүн эл аралык келишимге кошулду

Борбор Азия Загрузка... 30 Сентябрь 2025 09:45
D_30.webp

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 30.09.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн 1963-жылы кабыл алынган Ядролук зыян үчүн жарандык жоопкерчилик боюнча Вена конвенциясына кошулуу тууралуу мыйзамына кол койгонун, Lex.uz сайты маалымдады.

Конвенция ядролук кырсыктардан жабыркагандарга зыяндын ордун толтуруунун тартибин аныктап, негизги жоопкерчиликти атомдук объектилерди иштеткен операторго жүктөйт. Ошондой эле компенсация төлөө үчүн финансылык кепилдиктерди милдеттендирет.

Расмий маалыматта белгиленгендей, документке кошулуу Өзбекстандын ядролук коопсуздук системасына болгон ишенимди бекемдеп, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатат.

Адистердин баамында, бул кадам МАГАТЭ менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, атом энергиясын тынчтык максатта пайдалануу долбоорлорун өнүктүрүүгө жана тармактагы тобокелдиктерди камсыздандыруу системасын түзүүгө жол ачат.

Эскерте кетсек, мыйзам үстүбүздөгү жылдын май айында Олий Мажлистин төмөнкү палатасында кабыл алынып, июнь айында Сенатта жактырылган.