Ташкент, 26.06.25. /Кабар/. Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенаты тышкы сооданы либералдаштыруу боюнча жаңы мыйзамды жактырды, деп билдирет жогорку палатанын басма сөз кызматы.
Жаңы мыйзамга ылайык, эң жогорку жеңилдик берилбеген өлкөлөрдөн келген товарлар үчүн мурдагыдай болуп «кайсы өлкөдөн келгенин тастыктаган сертификат болбосо, бажы төлөмү эки эсе жогору болот» деген эреже токтотулат. Башкача айтканда, эми бул мамлекеттерден товар алып келген учурда сертификат жок болсо да мурдагыдай бажы төлөнбөйт.
Ошондой эле бажы төлөмдөрүн мамлекеттик бюджетке которуу мөөнөтү 5 жумуш күнүнөн 3 күнгө кыскартылды.
Расмий маалыматка ылайык, Өзбекстандын импортунун 32,3%ы эркин соода келишими бар өлкөлөргө, 61,4%ы эң жогорку жеңилдик режимин колдонгон мамлекеттерге жана 6,3%ы соода режими жок, же товарлардын келип чыккан жери такталбаган өлкөлөргө туура келет.
Адистер бул өзгөртүүлөрдү ДСУ талаптарына ылайык мыйзамдарды шайкеш келтирүү, базар экономикасын өнүктүрүү жана туруктуу өсүштү камсыз кылуу боюнча маанилүү кадам катары баалашууда.
Мыйзам Өзбекстандын президенти тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.