Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов 30-31-июлунда расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өзбекстандык чиновник тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусунун негизинде келүүдө.
Сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү өтөт, анын жүрүшүндө кыргыз-өзбек эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле келечектеги биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланат.