Ташкент, 18.12.25. /Кабар/. UN Tourism уюму даярдаган World Tourism Barometer (Дүйнөлүк туризм барометри) отчетуна ылайык, 2025-жылдын январь–сентябрь айларында Өзбекстанга келген чет өлкөлүк туристтердин саны 2019-жылга салыштырмалуу 73 пайызга өстү. Мындай жыйынтык өлкөгө пандемиядан кийинки туризмди калыбына келтирүү темпи боюнча Европалык аймакта экинчи орунду камсыз кылды.
Отчетто белгиленгендей, 2025-жылы Өзбекстандагы туризмдин өсүшү дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору болду. Дүйнөдө эл аралык сапарлар орто эсеп менен 5 пайызга көбөйсө, Өзбекстанда жылдын алгачкы 11 айында 10,7 миллиондон ашуун чет өлкөлүк турист катталды. Апрель айынан тартып 1 айдагы туристтик агым тарыхта биринчи жолу 1 миллион адамдан ашкан. Туристтик кызматтарды экспорттоодон түшкөн киреше 4,4 миллиард доллардан ашты.
Туризм тармагынын ыкчам өсүшүнө визалык режимдин кеңейтилиши жана кирүү шарттарынын жөнөкөйлөштүрүлүшү, транспорттук жеткиликтүүлүктүн жакшыртылышы, жаңы авиакаттамдардын ачылышы, ошондой эле эл аралык маркетингдик иштердин активдешүүсү түрткү болду. Мындан тышкары, өлкөдө мейманканалардын, туристтик компаниялардын жана квалификациялуу кадрлардын саны өсүүдө.
Салттуу туристтик борборлор — Самарканд, Бухара жана Хива — туристтер үчүн негизги багыт бойдон калууда. Ошол эле учурда экологиялык жана гастрономиялык туризмге болгон кызыгуу да жылдан жылга артып жатат.