Ташкент, 21.11.25. /Кабар/. 2026-жылдын 1-февралынан тарта Өзбекстандан чыгуу учурунда чет элдик жарандар мурда сатып алган товарлар үчүн төлөгөн кошумча нарк салыгын (tax free) өз каалоосу менен накталай түрдө кайтарып ала алышат. Бул тууралуу Өзбекстан президентин туризм тармагын мамлекеттик колдоо чаралары боюнча кабыл алган токтомунда айтылат.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-мартынан тарта Туризмди колдоо фондунун каражаттарынын эсебинен:
- жыл сайын 10 мыкты долбоорго туристтик стартаптарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүүгө кеткен чыгымдардын 50%ына чейин, бирок 1 млрд сумга (≈ 80 миң доллар) чейин субсидия берилет;
- мейманканалардын эл аралык деңгээлде таанылган "жашыл" сертификаттарды алуу боюнча чыгымдарынын 50%ы жабылат;
- 2026-жылдын 1-апрелинен тарта Өзбекстанда эл аралык конференцияларды жана иш-чараларды өткөрүп, аларга кеминде 100 чет элдик туристти тарткан ишкерлерге ошол иш-чаралар үчүн төлөнгөн КНСтин 50%ы кайтарылат.
Документке ылайык, 2027-жылдын 1-январына чейин туризм субъекттери импорттогон автобустар, электробустар жана микроавтобустар бажы төлөмүнөн бошотулат.
Мындан тышкары, 2030-жылдын 1-январына чейин Brand Finance компаниясынын топ-50 рейтингине кирген бренддер менен мейманкана курууну баштаган ишкерлер курулуш жана жабдыктоо үчүн алып келинген жабдуулар, техника, транспорт каражаттары, эмерек жана инвентарь боюнча бажы төлөмүнөн бошотулат.
Чет элдик киностудиялар үчүн чыгармачылык долбоорлорду колдоо боюнча жаңы каржылык механизм да бекитилди. Өзбекстанда тасма тартууга кеткен чыгымдардын бир бөлүгү төмөнкү өлчөмдө компенсацияланат:
• 3 млрд сумга (≈ 240 миң доллар) чейин — 10%;
• 3–5 млрд сум (≈ 240–400 миң доллар) — 15%;
• 5–10 млрд сум (≈ 400 миң–800 миң доллар) — 20%;
• 10 млрд сумдан (≈ 800 миң доллардан) ашкан учурда, бир фильм үчүн 4 млрд сумдан (≈ 320 миң доллардан) ашпаган өлчөмдө — 25%.
Белгилей кетсек, rebate механизми Өзбекстанда 2020-жылдан бери колдонулуп келет.