Ташкент, 12.06.25. /Кабар/. Ташкент шаарында 10-12-июнь күндөрү өтүп жаткан IV Эл аралык инвестициялык форумунун алкагында уюштурулган CAEx эл аралык көргөзмөсүндө «Өзбек технологиялык металлдар комбинаты» (ТМК) Өзбекстандын критикалык маанидеги чийки зат тармагындагы негизги долбоорлорун тааныштырды.
Бет ачууда критикалык маанидеги чийки заттар – бул жогорку технология, энергетика, медицина жана коргонуу тармактары үчүн өзгөчө маанилүү болгон табигый ресурстар экени белгиленип, аларсыз заманбап технологияларды (мисалы, электромобилдер, күн панелдери, ракета системалары, чиптер жана смартфондор) өндүрүү мүмкүн эместиги айтылды. Мындай заттардын катарына литий, кобальт, вольфрам, жез сыяктуу сейрек кездешүүчү элементтер кирет.
ТМК өкүлдөрү Өзбекстандын геологиялык мүмкүнчүлүктөрү, инвестициялык шарттары жана кайра иштетүүчү кластерлер боюнча пландары тууралуу маалымат берип, Чирчик, Ахангаран жана Жызак шаарларындагы технопарктар Борбор Азия менен өнөктөштүккө багытталганын белгилешти. Иш-чара алкагында алар чет өлкөлүк жана аймактык инвесторлор менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, технология алмашуу жана туруктуу кошумча нарк түзүү боюнча кызматташтыкты талкуулашты.
Серепчилердин баамында, Өзбекстандын бул долбоору дүйнөлүк технологиялык өзгөрүүлөргө жооп берип, Борбор Азияны өндүрүш чынжырларына интеграциялоого жол ачууда. Ошону менен катар бул демилге дүйнөдөгү монополиялык жеткирүүчүлөргө болгон көз карандылыкты азайта турган башка жол катары бааланууда.