Ташкент, 03.11.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 3–4-ноябрда Катарга иш сапары менен барып, Доха шаарында өтө турган II Дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитине катышат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Саммиттин алкагында эл аралык кызматташууну чыңдоо, улуттук стратегияларды өркүндөтүү жана коомдун туруктуулугун, социалдык адилеттүүлүгүн жана инклюзивдүүлүгүн жогорулатууга багытталган чаралар талкууланат.
Иш-чара 2024-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы кабыл алган резолюциялардын негизинде өткөрүлөт. Анда социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү айырмачылыктарды жоюу, 1995-жылы кабыл алынган Копенгаген декларациясынын максаттары менен принциптерине берилгендикти бекемдөө жана 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү күн тартибин тездетүү маселелери каралат.
Саммиттин жыйынтыгында туруктуу жана инклюзивдүү социалдык прогрессти илгерилетүүгө, ошондой эле эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган Доха декларациясы кабыл алынары күтүлүүдө.