Өзбекстан сентябрь айында дүйнөдө жалгыз алтын саткан өлкө болду

Борбор Азия Загрузка... 06 Ноябрь 2025 16:30
P_06.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 06.11.25. /Кабар/. 2025-жылдын сентябрь айында алтын саткан жалгыз өлкө Өзбекстан болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк алтын кеңеши (World Gold Council) маалымдады.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын Борбордук банкы сентябрь айында 4 тонна алтын саткан.

Ошол эле мезгилде дүйнөнүн башка борбордук банктары жалпысынан 39 тонна алтын сатып алышкан. Эң ири көлөмдөгү сатып алуулар Бразилияга (15 тонна), Казакстанга (8 тонна), Гватемалага (6 тонна) жана Россияга (3 тонна) туура келди. Түркия, Кытай, Чехия жана Гана да өз алтын запастарын 1–2 тоннага көбөйтүшкөн.

Дүйнөлүк деңгээлде сентябрь айындагы таза алтын сатып алуу көлөмү 200 тоннаны түзүп, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 пайызга азайган.

Жыл башынан бери, тактап айтканда, январь–сентябрь аралыгында Өзбекстан жалпы 20 тоннадан ашуун алтын саткан.