Ташкент, 12.11.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жетекчилигинде өткөн жыйында экология жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар талкууланды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу жана каржылоо иштерин бирдиктүү башкаруу системасында жүргүзүү, жашыл аймактарды көбөйтүү, жаратылыш мурасын сактоо жана экологиялык маданиятты жогорулатуу маселелери каралды. Ошондой эле ресурстарды максаттуу жана ачык-айкын пайдалануу маанилүү экени белгиленди.
Мирзиёев экологиялык көзөмөлдү күчөтүү, тиешелүү органдардын ыйгарым укуктарын кеңейтүү, мыйзамсыз дарак кыйууга жана абанын булганышына каршы чараларды күчөтүү, коомчулуктун экологиялык көзөмөлгө катышуусун кеңейтүү зарылдыгын баса белгиледи.
Президент сунуштарды жактырып, экология тармагында башкаруунун сапатын жогорулатуу, жоопкерчилик менен көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.