Ташкент, 05.12.25. /Кабар/. Дүйнөлүк алтын кеңешинин (WGC) алдын ала маалыматтарына караганда, 2025-жылдын октябрь айында дүйнөнүн борбордук банктары жалпы жыйындысы 52,6 тонна алтын сатып алып, бул жылдагы эң ири айлык өсүштү түздү.
Октябрь айындагы негизги сатып алуучулар катары Бразилия (16 тонна), Польша (15,6 тонна) жана Өзбекстан белгиленди. Өзбекстан бул айда алтын резервин 9,3 тоннага көбөйткөн.
Алтын алууну уланткан башка өлкөлөрдүн катарына Индонезия (3,9 тонна), Түркия (3 тонна), Чехия (2,4 тонна), Кыргызстан (1,7 тонна) жана Гана (1 тонна) кирет.
Жылдык динамикада болсо көрүнүш башкача: Өзбекстан быйыл жыл башынан бери 12 тонна алтын сатуу менен дүйнөдөгү экинчи ири сатуучу болуп калды. Биринчи орунда 16 тонна алтын саткан Сингапур турат.
Өзбекстандын Борбордук банкынын маалыматына ылайык, октябрь айында өлкөнүн алтын-валюта резервдеринин наркы 3,6 миллиард долларга өсүп, 47,8 миллиард долларга жетти. Алтындын физикалык көлөмү 11,6 миллион трой унциядан 11,9 миллион унцияга чейин көбөйүп, бул 9,3 тоннага барабар.