Ташкент, 18.07.25. /Кабар/. Өзбекстанда мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурган компанияларга каршы ири айып пулдар белгиленди. Бул Улуттук перспективалуу долбоорлор агенттигинин буйругу менен бекитилип, 9-октябрдан тарта күчүнө кирет.
Лицензиясыз кумар оюндарын, лотереяларды же букмекерлик кызматтарды сунуштаган чет элдик компанияларга 10,3 млрд сум (817,5 миң доллар ) өлчөмүндө айып салынат. Ушундай эле сумма стационардык же мобилдик оюн залдарын ачкан тараптарга да каралган.
Мыйзам бузгандарга жеке маалыматтарды сактоо жана акчанын мыйзамсыз айлануусуна каршы чараларды аткарбагандыгы үчүн 6,18 млрд сум (490,5 миң доллар), ал эми жарнама эрежелерин бузгандарга 4,12 млрд сум (327,8 миң доллар) айып каралган.
Бардык операциялар мамлекеттик бирдиктүү каттоодо жүргүзүлөт. Айыптын 50% бюджетке, калган бөлүгү агенттикке которулат. Чечимге макул болбогондор 15 күн ичинде даттана алышат.