Өзбекстан менен Түркмөнстандын товар жүгүртүүсү 1 млрд доллардан ашты

Борбор Азия Загрузка... 17 Ноябрь 2025 18:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 17.11.25. /Кабар/. Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылы 1 миллиард доллардан ашты. Муну менен бирге жүк ташуулар, анын ичинде Түркмөнбашы порту аркылуу өтүүчү агым да өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн Ташкентте өткөн өзбек-түркмөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө маалымдалды.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедовдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик визити акыркы жылдары үлгү болорлук деңгээлге көтөрүлгөн достук, жакшы коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого багытталат.

Сүйлөшүүдө өз ара сооданы кеңейтүү, өнөр жай, энергетика, транспорт, машина куруу, айыл жана суу чарбасында кооперацияны күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар межрегионалдык кызматташтыкты да жандантуу ниетин билдирип, Хива шаарында Үчүнчү аймактар форумун өткөрүү боюнча макулдашты.

Бүгүн, президеттердин катышуусунда, биргелешкен «Шават–Дашогуз» чек аралык соода аймагынын ачылыш аземи өттү.

Белгиленгендей, бул аймак Хорезм облусу менен Түркмөнстандын Дашогуз велаятынын ортосундагы соода-экономикалык байланышты кеңейтүүгө жаңы дем берет. Чек арага жакын жайгашкан эки аймактын жалпы калкы 3,5 миллион адамдан ашат. Бул өз ара соода көлөмүн жана кооперацияны арттырууга олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Тараптар мындан тышкары регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашты.