Ташкент, 08.08.25. /Кабар/. Өзбекстан менен Түркмөнстан өз ара соода жүгүртүүнү 2 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мындан тышкары, Шават (Хорезм облусу) – Дашогуз (Дашогуз велаят) аймагында чек ара соода аймагын түзүү жана жакын арада ишке киргизүү боюнча келишимге жетишилди.
Жолугушуу БУУнун деңизге чыга албаган өнүгүп жаткан өлкөлөр боюнча үчүнчү конференциясынын алкагында Түркмөнстандын Аваза шаарында өттү.