Өзбекстан менен Сауд Аравиясы 4 млрд долларлык келишимдерге кол койду

Борбор Азия Загрузка... 21 Октябрь 2025 12:42
a_21 (1).webp
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 21.10.25. /Кабар/. Өзбекстан менен Сауд Аравиясы өкмөттөр аралык комиссиянын жана ишкерлер кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында жалпы суммасы 4 млрд АКШ долларына барабар болгон 10 документке кол коюшту. Бул тууралуу өлкөнүн Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Лазиз Кудратов “Өзбекстан 24” телеканалына берген маегинде эки өлкө ортосундагы долбоорлордун жалпы портфели 30 млрд долларга жеткенин белгиледи. Анын айтымында, бул каражаттар мамлекеттик кепилдиксиз берилүүдө.

«Бул суверендүү эмес, түз чет элдик инвестициялар. Башкача айтканда, Сауд Аравиясынын Өзбекстанга болгон ишениминин айкын далили», – деди министр.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы Өзбекстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы соода жүгүртүүсү 142,4 млн долларды түзгөн. Ал эми 2025-жылдын январь–август айларында бул көрсөткүч 111,5 млн долларды түздү.

Азыркы учурда өлкөдө сауд капиталы катышкан 27 ишкана иш алып барып, жалпы суммасы 27,2 млрд доллар болгон 56 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Алардын ичинен быйыл эле 900 млн долларлык бөлүгү өздөштүрүлгөн.