Өзбекстан менен Россиянын биргелешкен аскердик машыгуулары башталды

Борбор Азия Загрузка... 15 Июль 2025 17:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзбекстандын Коргоо министрлиги

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 15.07.25. /Кабар/. Өзбекстандын аймагында "Мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча атайын аскердик операция" темасындагы өзбек-орус биргелешкен аскердик машыгуулары башталды, деп билдирет өлкө Коргоо министрлигинин маалымат кызматы.

Машыгуулардын негизги максаты – эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин тактикалык даярдыгын жогорулатуу, чөл жана өзгөчө кырдаал шарттарында биргелешкен аскерий операцияларды уюштуруу жана жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, тажрыйба алмашуу жана заманбап согуш ыкмаларын бирдикте өздөштүрүү болуп саналат.

Бул жолу машыгууга 400гө жакын өзбек жана орус аскер кызматкерлери тартылып, Россия тарап аскердик техниканын айрым түрлөрү менен катышууда. Жоокерлер биргеликте жоокердик кырдаал шартында бөлүктөрдү башкаруу, мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу жана шарттуу душманды жок кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды аткарышат.

Машыгуулардын жүрүшүндө согуштук даярдык боюнча ар кандай практикалык көнүгүүлөр, маданий-агартуу иш-чаралары жана спорттук мелдештер өткөрүлүшү да каралган.

Эске салсак, бул он күнгө созулчу машыгуу Өзбекстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн аскерий кызматташтык планынын негизинде өткөрүлүүдө.