Ташкент, 12.09.25. /Кабар/. Өзбекстан менен Россия жарандардын бири-биринин өлкөсүнө ички паспорт аркылуу кирүүсүнө уруксат берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоодо. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов билдирди.
Анын айтымында, сунушталган тартип эки өлкөнүн жарандарына тең тиешелүү болот. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп, тиешелүү жол-жоболор аткарылууда.
«Айрым маселелер макулдашылып жатат, ошондуктан так мөөнөттөрдү айтууга эрте», – деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, 2023-жылдан бери Өзбекстан менен Кыргызстан жарандарга ID-карта аркылуу чек арадан өтүп, 60 күнгө чейин болууга уруксат берет. Ошондой эле Казакстан, Тажикстан жана Азербайжан менен да ушундай макулдашуулар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Президент Шавкат Мирзиёев быйыл май айында туристтик агымды арттыруу максатында Россия, Казакстан жана Азербайжан жарандарын ички паспорт менен 30 күнгө чейин кирүүгө шарт түзүү маселесин кароону тапшырган.