Ташкент, 04.09.25. /Кабар/. Өзбекстан жана Кытай пайдалуу кен байлыктарды казып алуу жана кайра иштетүү боюнча биргелешкен ири демилгелерди даярдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын тоо-кен өнөр жайы жана геология министри Бобир Исламов «Өзбекстан-24» телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, тараптар жалпы наркы 5 млрд долларды түзгөн 13 жаңы долбоорду ишке ашырууга макулдашышты. «Президент Шавкат Мирзиёевдин Кытайга расмий сапары жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, кызматташтыктын кошумча багыттарын өнүктүрүүгө жол ачууда», — деди Исламов.
Сапардын алкагында Шавкат Мирзиёев China National Nuclear Corporation (CNNC) компаниясынын төрагасы Шэн Яньфэн менен жолугушуп, заманбап технологияларды киргизүү, уран кендерин өздөштүрүү, келечектүү участоктордо геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тынчтык максатындагы атом тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.
Министрдин белгилешинче, Кытай менен ишке ашырылчу бул долбоорлор Өзбекстандын тоо-кен тармагын ылдам өнүктүрүп, анын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн күчөтөт.