Өзбекстан менен Казакстан товар жүгүртүүнү 10 млрд долларга жеткирүүнү пландоодо

Борбор Азия Загрузка... 17 Ноябрь 2025 17:20
P_17_.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 17.11.25. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 2030-жылга чейин эки өлкөнүн товар жүгүртүүсүн 10 миллиард долларга жеткирүү ниетин тастыкташты. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул максатка жетүүгө өз ара жеткирүүлөрдү көбөйтүү жана импортту алмаштырууга багытталган биргелешкен стратегия көмөктөшөт. Тараптар алдын ала наркы 8 миллиард доллар деп бааланган өнөр жай долбоорлорун колдоого арналган биргелешкен инвестициялык платформаны түзүүнү да пландаштырууда. Алардын ичинен 1,2 млрд долларлык долбоорлорго старт берилди.

Жолугушууда суу ресурстарын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо жана маалыматтык технологиялар боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле аймактар аралык байланыштарды күчөтүү максатында эки өлкөнүн регион жетекчилеринин биринчи кеңешин 2026-жылы Казакстанда өткөрүү боюнча макулдашуу болду.

Учурда эки өлкөдө 6,5 миңге жакын биргелешкен ишкана иштеп жатат. Быйылкы жылда өз ара соода көлөмү 4 миллиард доллардан ашты.