Өзбекстан менен Казакстан 1,2 млрд долларлык жаңы долбоорлорду баштады

Борбор Азия Загрузка... 17 Ноябрь 2025 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 17.11.25. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынынын алкагында жалпы наркы 1,2 миллиард долларды түзгөн жети биргелешкен долбоорду расмий түрдө ишке киргизишти. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ишке киргизилген долбоорлордун арасында Сырдарыя жана Түркстан облустарындагы “Борбор Азия” аттуу өнөр жай кооперациясынын эл аралык борбору, Ташкентте казакстандык банктын башкы кеңсесинин ачылышы, Ташкент облусунда көп тармактуу логистика борборунун курулушу, Жаңы Ташкент шаарындагы “Астана” аттуу турак жай кварталы жана мейманкана, Кашкадарьядагы сызыктык алкилбензол өндүрүшү, ошондой эле Астана шаарындагы “Ташкент” мейманканасы бар.

Шавкат Мирзиёев менен Касым-Жомарт Токаев мындан тышкары Учкудук–Кызылорда багытындагы жаңы транспорттук коридорду түзүү тууралуу чечим кабыл алышты. Бул маршрут эки өлкө ортосундагы жүк ташууларды ылдамдатууга, логистиканы оптималдаштырууга жана региондун транспорттук инфраструктурасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталат.