Ташкент, 30.05.25. /Кабар/. Самарканд шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Италиянын премьер-министри Жорджия Мелонинин жолугушуусу болуп өттү, деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз кызматы.
Тараптар соода, инвестиция, билим берүү, айыл чарба жана технология тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Италиянын алдыңкы компаниялары менен технологиялык өнөктөштүк программасын ишке киргизүү, Ташкент облусунда индустриалдык парк түзүү жана биргелешкен инвестициялык фонд түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Өзбекстанда Тушия университетинин филиалын ачуу жана Италия маданиятынын күндөрүн өткөрүү пландалууда.
Жолугушуунун жыйынтыгында стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча Биргелешкен декларация кабыл алынды. Ошондой эле инвестицияларды коргоо, эмгек миграциясы, туруктуу өнүгүү жана билим берүү тармагындагы кызматташтык боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду.