Ташкент, 29.08.25. /Кабар/. 25-сентябрдан тартып өзбекстандыктар Иорданияга виза албастан 30 күнгө чейин барып келе алышат. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
26-августта Самаркандда президент Шавкат Мирзиёев менен Иорданиянын падышасы Абдалла II ибн аль-Хусейн жолугушуп, бир катар макулдашууларга, анын ичинде визалык чектөөлөрдү жоюу тууралуу келишимге кол коюшкан.
Келишим кол коюлгандан кийин 30 күн өтүп күчүнө кирет — тактап айтканда, 25-сентябрдан тартып. Иорданиянын жарандары да Өзбекстанга визасыз бара алышат.
Буга чейин өзбекстандыктар Иорданияга барганда виза алышчу (visa on arrival). Эми Иордания Өзбекстан жарандары визасыз бара ала турган 35-мамлекет болуп калды.