Өзбекстан менен Индия 2 млрд долларлык долбоорлорду талкуулады

Борбор Азия Загрузка... 15 Август 2025 11:53
WhatsApp Image 2025-08-13 at 09.31.19.jpeg
copyright icon Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 15.08.25. /Кабар/. Президент Шавкат Мирзиёев Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен телефон аркылуу сүйлөшүп, стратегиялык өнөктөштүктү жана көп тармактуу кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулады, деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

Шавкат Мирзиёев сүйлөшүүнүн башында Индия элин Улуттук Эгемендик күнү менен куттуктады.

Маектешүүдө фармацевтика, химия, санариптик экономика, энергетика, тоо-кен, айыл чарба, курулуш жана туризм тармактарындагы кызматташтык, ошондой эле «Түндүк–Түштүк» транспорт коридорун өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Быйыл эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 60 пайызга өсүп, 40ка жакын биргелешкен ишкана ишке киргени жана индиялык компаниялар менен пландалган келечектеги демилгелердин көлөмү $2 миллиардга жеткени баса белгиленди.

Тараптар Ташкентте өтө турган өкмөттөр аралык комиссия жыйынына жана маданий-гуманитардык алакаларды кеңейтүүгө макулдашты.