Ташкент, 27.10.25. /Кабар/. Өзбекстан жана Европа биримдиги кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча жаңы келишимге кол коюшту. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Документке Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта жана Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен катышкан расмий жыйындын жүрүшүндө кол коюлду. Жаңы келишим Ташкент менен Брюсселдин алакаларына жаңы дем берип, саясат, экономика, илим, инновация, экология жана билим берүү сыяктуу багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө укуктук негиз түзөрү айтылат.
Тараптар соода, инвестиция, транспорт, энергетика, жогорку технологиялар жана гуманитардык байланыштар боюнча өз ара өнөктөштүктү тереңдетүү максатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга макулдашты.
Натыйжада, жалпы суммасы 10 миллиард еврого тете энергетика, химия, логистика, минералдар, токума жана фармацевтика тармактарындагы жаңы долбоорлорду ишке киргизүү келишими түзүлдү. Бул келишимдер буга чейин ишке ашырылып жаткан, жалпы суммасы 40 миллиард евродон ашкан долбоорлор портфелин толуктайт.