Өзбекстан менен АКШ ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууну көздөөдө

Борбор Азия Загрузка... 01 Октябрь 2025 13:55
a_01.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 01.10.25. /Кабар. Өзбекстан менен Америка Кошмо Штаттары баасы 4 млрд долларга чейин жеткен энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашты. Бул тууралуу энергетика министри Журабек Мирзамахмудов «O’zbekiston 24» телеканалына билдирди.

Министрдин айтымында, америкалык Air Products компаниясы көмүрдү газга айлантуу, синтез-газ жана кошумча наркы жогору продукцияларды өндүрүү долбоорлоруна инвестиция салууга даяр. Ошондой эле газ ташуу системасындагы агрегаттарды электр кыймылдаткычтарына алмаштыруу жана компрессордук станцияларды жаңыртуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

Бул иштерди каржылоо үчүн АКШнын Экспорт-импорт банкы 852 миллион доллар өлчөмүндө насыялык линия ачууга даяр экенин билдирген. Министр белгилегендей, компрессордук станцияларды жаңыртуу программасынын баасы 800 миллион доллардан кем эмес.

Мындан тышкары, Schlumberger, Baker Hughes жана Gulf компаниялары менен кызматташуу боюнча да келишимдер түзүлдү. Жалпы инвестициялардын көлөмү 3–4 миллиард долларга жетери күтүлүүдө.