Өзбекстан менен АӨБ 3 млрд долларлык жаңы долбоорлорду ишке ашырат

Борбор Азия Загрузка... 19 Ноябрь 2025 14:22
P_19_0.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 19.11.25. /Кабар/. Президент Шавкат Мирзиёев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масато Канда менен жолугушуп, учурдагы социалдык-экономикалык реформаларды колдоого багытталган кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда АӨБ башчысы Өзбекстанды стратегиялык өнөктөштүктүн 30 жылдыгы жана 2025–2026-жылдарда АӨБ Башкаруучулар кеңешине төрагалык милдетин кабыл алышы менен куттуктады.

Өзбекстан АӨБнин аймактагы эң ири өнөктөшү экендиги айтылат. Тараптардын биргелешкен долбоорлорунун жалпы портфели 15 млрд доллардан ашты. Мындан сырткары «жашыл» энергетика, транспорт, санарип түзүмдөрдү өнүктүрүү, билим берүү жана башка тармактар боюнча 3 млрд доллардан ашуун жаңы демилгелер даярдалууда.

Ошондой эле 2026-жылдын май айында Самаркандда өтө турган АӨБ Башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынына даярдык көрүү маселеси өзүнчө белгиленди.

Тараптар банктын Борбор Азияда — айрыкча транспорт, энергетика жана соода тармактарында — ири улуттук жана аймактык демилгелерди жүзөгө ашыруудагы маанилүү ролун баса белгилешти.