Ташкент, 22.06.25. /Кабар/. Өзбекстан жаңы эл аралык жүк ташуу багыты боюнча биринчи сыноо ташуусун ийгиликтүү жүзөгө ашырды. Бул тууралуу өлкөнүн Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Өзбекстан – Кыргызстан – Кытай – Монголия багытындагы жаңы автожол коридору Транспорт министрлиги менен Соода-өнөр жай палатасынын кызматташтыгында уюштурулган. Долбоордун негизги максаты – жергиликтүү өндүрүш продукциясын жаңы рынокторго жеткирүү жана логистикалык багыттарды диверсификациялоо болуп саналат.
Улуттук жүк ташуучу компаниянын унаасы жалпысынан 4500 чакырым аралыкты сегиз күндө басып өттү. Жол Алтай тоо кыркаларындагы деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктиктеги катаал участокторду да камтыган.
Адистердин баамында, жаңы багыт аркылуу соода жүгүртүү жана транзит мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү күтүлүүдө.