Өзбекстан кийинки жылдан тарта Камбар-Ата-1 ГЭСин каржылоону баштайт

Борбор Азия Загрузка... 05 Декабрь 2025 18:15
o_05_0.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 05.12.25. /Кабар/. Өзбекстан келерки жылдан тарта "Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоорун каржылоого расмий түрдө киришет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев бүгүн Ташкентте өтүп жаткан «Туруктуу энергетика – Жаңы Өзбекстан келечегине ишенимдүү кадам» аттуу эл аралык конференцияда жарыялады, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Президенттин айтымында, акыркы жылдары өлкөнүн энергия өндүрүү кубаттуулугу кыйла арткандыктан, Өзбекстан кошуна мамлекеттер менен бирдиктүү энергетикалык рынок түзүү багытындагы өнөктөштүктү бекемдеп келет.

«Региондун гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу пайдалануу жана биргелешип башкаруу үчүн келерки жылы Кыргызстан жана Казакстан менен чогуу "Камбар-Ата-1 ГЭС" долбоорун каржылоону баштайбыз", — деди Мирзиёев.

Ошондой эле ал Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдүн энергетика жетекчилери менен бирге, Кыргызстан энергетика министри Таалайбек Ибраевге Өзбекстанга ири инвестиция тартуу жана заманбап технологияларды кеңири киргизүүдөгү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.