Өзбекстан Казакстан жана Кыргызстан аркылуу Кытайга энергетикалык коридор түзүүнү сунуштады

Борбор Азия Загрузка... 20 Июнь 2025 10:15
WhatsApp Image 2025-06-20 at 10.07.40.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 20.06.25. /Кабар/. Өзбекстан Борбор Азия мамлекеттеринин энергетикалык системаларын Кытайдын электр тармактары менен интеграциялоону жактайт. Бул тууралуу Өзбекстандын энергетика министринин орун басары Умид Мамадаминов «Узбекистан 24» телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент Шавкат Мирзиёев жакында Астана шаарында өткөн «Борбор Азия — Кытай» саммитинде улуттук энергетикалык системаларды айкалыштыруу маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп, Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларын куруу боюнча ири долбоорду ишке ашыруу зарылдыгын баса белгиледи.

«Өзбекстан өз аймагы аркылуу Казакстан жана Кыргызстанды кесип өтө турган Кытай багытындагы чекара аралык электр берүү линияларын куруу боюнча эсептөөлөрдү баштады», — деди Мамадаминов.

Эске салсак, 2024-жылдын ноябрында Бакуда өткөн COP29 жыйынында Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери Европага «жашыл» энергия экспорттоо боюнча келишимге кол коюшкан.

Адистердин айтымында, Өзбекстан 2030-жылга чейин Европага 10-15 млрд киловатт-саат электр энергиясын экспорттой алат.