Өзбекстан Илимдер академиясы ANSO Башкаруучу кеңешине шайланды

Борбор Азия 1271 05 Ноябрь 2025 23:15
P_05_3..jpg
P_05_5.jpg
P_05_4.jpg
P_05_3.jpg
Алдыга
Артка
P_05_3..jpg
P_05_5.jpg
P_05_4.jpg
P_05_3.jpg
Алдыга
Артка

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 05.11.25. /Кабар/. Кытайдын Пекин шаарында 30–31-октябрда өткөн Эл аралык илимий уюмдардын альянсынын (ANSO) IV Башкы ассамблеясында Өзбекстан Илимдер академиясы уюмдун эң жогорку органы — Башкаруучу кеңештин курамына шайланды. Бул тууралуу Илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул чечим Өзбекстандын илимий чөйрөсүнүн эл аралык аренадагы кадыр-баркына берилген жогору баа болуп, өлкөнүн дүйнөлүк илимий кызматташтыктагы активдүү ролун тастыктайт. Ошондой эле туруктуу өнүгүү, илимий билимдерди алмашуу жана жаш изилдөөчүлөрдү колдоо боюнча Өзбекстандын демилгелерине болгон ишенимди көрсөтөт.

Шайлоонун жыйынтыгынан кийин Илимдер академиясынын вице-президенти, профессор Сирожиддин Мирзаев ANSO мүчөлөрүнө көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстан илимди өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө багытындагы ишин улантарын белгиледи.

Белгилей кетсек, ANSO — Эл аралык илимий уюмдардын альянсы (Alliance of International Scientific Organizations) 2018-жылы Кытай Илимдер академиясынын демилгеси менен түзүлгөн. Уюмга Азия, Европа, Африка жана Латын Америкасынын 90дан ашуун алдыңкы илимий мекемелери мүчө.