Өзбекстан ФИФА рейтингинде топ-50гө кирди

Борбор Азия Загрузка... 20 Ноябрь 2025 15:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 20.11.25. /Кабар/. Өзбекстандын улуттук футбол командасы ФИФАнын ноябрь айындагы рейтингинде беш тепкичке жогорулап, 50-орунга чыкты. Учурда команда 1462,03 упай топтоду, бул көрсөткүч +9,69 упайды түзөт.

Бул акыркы тогуз жылдагы эң жакшы жыйынтык болуп эсептелет. Өлкө акыркы жолу буга окшош позицияны 2016-жылдын октябрында ээлеп, 48-орунга чыккан. Команданын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч — 2006-жылдын ноябрындагы 45-орун, эң төмөн көрсөткүч — 1996-жылдын ноябрындагы 119-орун.

Азия өлкөлөрүнүн арасында Өзбекстан бешинчи орунга көтөрүлүп, Катарды артта калтырды. Региондо алдыда Япония (18-орун), Иран (20-орун), Түштүк Корея (22-орун) жана Австралия (26-орун) турат. Өзбекстандан кийин Катар (51-орун), Ирак (58-орун) жана Сауд Арабиясы (60-орун) жайгашты.

Борбор Азия боюнча Тажикстан 101-орунда, Кыргызстан — 104-орунда, Казакстан — 115-орунда, Түркмөнстан — 137-орунда турат. ФИФАнын жалпы рейтингинде Испания, Аргентина жана Франция алдыңкы үчтүктү түзүп, акыркы орунда Сан-Марино турат.