Ташкент, 13.08.25. /Кабар/. Өзбекстандагы Технологиялык металлдар комбинаты (ТМК) Европа үчүн маанилүү чийки заттар альянсына (ERMA – European Raw Materials Alliance) расмий түрдө мүчө болду, деп маалымдайт «Дунё» агенттиги.
Бул мүчөлүк аркылуу Европа гранттары жана инвестицияларынын эсебинен каржылоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейет, алдыңкы илимий борборлор менен биргелешкен изилдөөлөр жүргүзүлүп, инновациялык чечимдер ишке ашырылат. Ошондой эле ТМКнын продукциясы жогорку сапат талаптарына жооп берип, эл аралык рынокко кеңири чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Серепчилердин баамында, бул өнөктөштүк Өзбекстанды чийки зат жеткирүүчү гана өлкөдөн дүйнөлүк өнөр жайдын толук кандуу инновациялык өнөктөшүнө айлантат.
Маалымат үчүн: ERMA – Европа өнөр жайынын ресурстук саясатын аныктаган жана литий, вольфрам, молибден, сейрек кездешүүчү элементтер сыяктуу маанилүү чийки заттарды ишенимдүү жеткирүүнү камсыз кылган негизги платформа. Альянс Европанын «жашыл» технологияларга жана келечектеги энергетикага өтүүсүндө маанилүү роль ойнойт.