Өзбекстан Евразия өнүктүрүү банкынын катышуучусу болду

Борбор Азия Загрузка... 19 Сентябрь 2025 10:10
photo_19.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 19.09.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнү Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) мүчөлүгүнө киргизүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу Lex.uz сайты кабарлады.

Документ Өзбекстандын Евразия өнүктүрүү банкынын негиздөө келишимине (Астана, 2006-жыл, 12-январь) кошулуусу жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу максатында кабыл алынганы белгиленет.

ЕӨБнын уставдык капиталынын алкагында Өзбекстанга 777 миң 777 даана акция бөлүндү. Алардын ар биринин номиналдык баасы 1000 долларды түзөт. Анын ичинен 168 миң 411 акция (21,7%) төлөнгөн, 609 миң 366 акциясы (78,3%) талап боюнча төлөнмөкчү.

Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы 10 млн доллар, кийинки эки жылда болсо жыл сайын 79 млн 205 миң доллардан каражат бөлүнөт.