Ташкент, 26.12.25. /Кабар/. Өзбекстан акыркы жылдары глобалдык маселелерди талкуулаган эл аралык алака борборуна айланды. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев бүгүн парламент жана элге кайрылуусунда билдирди, деп кабарчыбыз жеринен маалымдайт.
Быйыл өлкө Парламентарлар аралык бирликтин 150-жылдык ассамблеясын, ЮНЕСКОнун башкы конференциясын, «Борбор Азия – Европа биримдиги» саммитин жана Эл аралык климат форумун кабыл алды.
Белгилей кетсее, мартта Хоженд шаарында Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан чек араларынын туташкан чекити боюнча тарыхый келишимге кол коюшкан.
Жакында Ташкентте Борбор Азия лидерлери аймактык стратегиялык формат түзүүнү сунуштап, Азербайжанды толук мүчө катары кошту.
Мирзиёевдин айтымында, бул кадам региондук туруктуулукту бекемдөөгө салым кошот.