Өзбекстан эл аралык бренддердин айрым товарларына бажы төлөмдөрүн төмөндөттү

Борбор Азия Загрузка... 17 Декабрь 2025 11:50
A_17_1.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 17.12.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эл аралык бренддердин продукциясын импорттоодо төмөндөтүлгөн бажы төлөмдөрү колдонулуучу товарлардын тизмесин кеңейтүү тууралуу токтомго кол койду, деп билдирет Lex.uz сайты.

Токтомдун максаты — эл аралык кооперацияга инвесторлордун кызыгуусун арттыруу, глобалдык кошумча нарк чынжырларына интеграциялануу, дүйнөлүк бренддердин Өзбекстан рыногундагы катышуусун кеңейтүү жана шопинг-туризм аркылуу туристтерди тартуу.

Төмөндөтүлгөн бажы төлөмдөр бренд ээлери же алардын расмий жеткирүүчүлөрү менен түз келишимдердин негизинде импорттолгон товарларга карата колдонулат. Алардын катарына дистрибьюторлор, дилерлер, соода өкүлдөрү, өндүрүүчүлөр жана лицензиаттар кирет.

Мурда тизмеге 55 түрдөгү товар кирсе, жаңы токтом менен алардын саны 70ке жетти.

Жаңыланган тизмеге кофе жана кофе алмаштыргычтары (бажы төлөмү толугу менен жоюлат), тиричилик шамдары (15 пайыздан 10 пайызга чейин), пластик жана жыгачтан жасалган ашкана идиштери менен аш стол шаймандары (10 пайызга чейин), текстилдик пол жабуулары, жууркандар жана пледдер (5–10 пайызга чейин), ошондой эле фарфор жана керамика идиштери, айнек буюмдар жана ашкананын металл буюмдары боюнча бажы төлөмдөр 10 пайызга чейин кыскартылды.