Өзбекстан дүйнөдөгү эң коопсуз өлкөлөр рейтингинде 26 баскычка жогорулады

Борбор Азия Загрузка... 26 Май 2025 18:24
b_26.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 26.05.25. /Кабар/. Өзбекстан дүйнөлүк коопсуздук жана тынчтык рейтинги — Global Peace Index (GPI) боюнча 2024-жылдагы жаңыланган тизмеде 60-орунду ээледи. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 26 позицияга жогорулаганын билдирет.

КМШ өлкөлөрүнүн арасында Казакстан 59-орунду ээлеген. Андан кийин Өзбекстан (60), Тажикстан (72), Кыргызстан (78) жана Түркмөнстан (83) жайгашкан. Бул көрсөткүчтөр аймактын тынчтык жана туруктуулук маселелерине барган сайын көбүрөөк көңүл буруп жатканын далилдейт.

GPI рейтингин Экономика жана тынчтык институту (Institute for Economics and Peace) түзөт жана ал 163 өлкөнү тынчтык деңгээли боюнча бир нече негизги көрсөткүчтөрдүн негизинде баалайт.

Рейтингдин негизги көрсөткүчтөрү - киши өлтүрүү жана кылмыштуулук деңгээли, саясий туруктуулук жана ички башаламандыктардын саны, эл аралык кагылышууларга катышуу жана андан жабыркагандардын саны, ошондой эле аскердик деңгээл жана коргонууга жумшалган чыгымдар болуп саналат.

Акыркы маалыматтарга ылайык, дүйнөдөгү эң коопсуз өлкөлөр болуп Исландия, Ирландия, Австрия, Жаңы Зеландия жана Сингапур бойдон калууда.

Ал эми Йемен, Судан, Түштүк Судан, Афганистан жана Украина рейтингдин эң акыркы саптарында орун алып, дүйнөдөгү эң кооптуу жана тынчсыз мамлекеттер катары аныкталды.